• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Юсупова: Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көп катталууда

11 Бештин айы 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 40 жаштагы Малохат Юсупова, Ош облусунун Араван районундагы Нурабад айылынан келген.

«Мен айылдык кеңештин депутатымын. Жана ошондой эле мектепке чейинки бала бакчада жетектөөчүмүн. Биздин айыл чек арада жайгашкан. Эл дыйканчылык менен алектенет. Менин максатым инклюзивдүү билим берүү мектептердин ачкым келет. Жаш кыздарды эрте турмушка берүү бизде өтө курч маселе. Окууга өтө албай, же окууга мүмкүнчүлүк жоктор эле турмушка кетишет. Алар үчүн өнүктүрүүгө багытталган окуулар жок. Ошолорго билим берүү, өстүрүп өнүктүрүү багытында да иш алып баргым келет. Бул тренинге келгенимдин дагы себеби ушул», — деди ал.

Количество просмотров: 174