• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Өзү эмес күчүгүн сиз деп жүрүп…». Депутат кесиптешин сындады

2 Жетинин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жалпы жыйында кесиптешин сындады.

Анын айтымында, кээ бир депутаттар коомчулукка маалыматты бурмалап жеткирүүдө.

«Мен тарых үчүн кыргыз элинин, депутаттардын алдында айрым биздин кесиптештерибиз маалыматты бурмалабай, так айтсын деген тилегимди айткым келет. Комитеттин жыйынында урматтуу биздин кесиптешибиз «массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон жок» деп жалган маалымат таратты. Урматтуу кесиптештер, эсиңиздерге салып коеюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип камабады беле, колу-бутун кайрып камаган. Ошондо бир жоокерибиз каза болгон. Чүй облустук милициясынын начальниги Самат Курманкулов майып болду. Бул тарых эмеспи? Мен кесиптешиме айтат элем, ошол мезгилде Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзү эмес күчүгүн сиз деп отуруп, күчүгү эмес бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун пальтосун кийгизип, портфел көтөрүп жүрбөдү беле. Ошол учурда аталган кесиптешибиз тышкы иштер министри болчу»,-деди Токторбаев.

Количество просмотров: 1461