Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.
Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук ИИБсы уулу карыган энесин сабаган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүнү камакка алышкан жок, анткени анын кылган иши Жоруктар тууралуу кодекске туура келбейт.
«Милицияга 80 жаштагы аял кайрылган. Ал 48 жаштагы уулу сабагандыгын айтып арызданган. Учурда шектүү суракка алынууда, жабырлануучу болсо кризистик борбордо», -деп айтылат маалыматта.
Милициядан билдиришкендей, шектүү жаза катары 40 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөшү мүмкүн же бир жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.