• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды (видео)

18 Теке 20239:48 Бишкек Govori.TV

Оштогу көп кабатуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылып калды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан батирде 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

«Жерине 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда жогору аталган аял уктап жатканын аныкталып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 143