Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада дарыланууда. Ал абалы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Урматтуу Кыргыз калкым! Эч кимге айтпай 3 кун ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты, мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын. Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм Кыргыз элимдики, эми мындан да каттуураак иштеймин, үлгүрүш керек…”, – дейт ал.