Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Ош-Баткен-Лейлек автожолунун Развилка бөлүгүндөгү убактылуу түзүлгөн мобилдик постунан Кыргызстандын жараны С.Б.Анын башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter 414» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.
Унаадан Швейцарияда чыгарылган 6000 даана дары-дармек табылган. Товардын жалпы салмагы 1260 кг, баасы 3 миллион сомду түзгөн. Жүктүн эч кандай бажы документтери болгон эмес.
Медициналык дары-дармектер иштин бардык жагдайлары такталганга чейин «Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагына убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилди.
Чогултулган материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен райондук бөлүмүнө өткөрүлүп жиберилди.