• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Зайырбек Ажыматов сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

30 Чын куран 20209:43 Бишкек Govori.TV

Журналист, акын Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде көз жумду. Маркум 1-майда жерге берилерин акындын жакындары билдирген.

Белгилүү болгондой, акындын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Маркумдун артында жубайы, 4 баласы (2 уул, 2 кыз) калды.

Зайырбек Ажыматов жарык дүйнөгө 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында келген. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.

Количество просмотров: 143