• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Замирбек Карашев абактан чыкты

21 Бирдин айы 2024 18:11 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкканы белгилүү болду. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.

Маалыматка ылайык, чечим 12-январда чыккан. Анда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча Карашевге карата буга чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Замирбек Карашев мамлекетке 18 млн сом төлөгөнүн жазышты. Бирок, бул тууралуу азырынча расмий малымат бериле элек.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев өткөн жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Карашев бажы тармагында бир нече жогорку кызматтарды аркалаган.

Количество просмотров: 102