• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Зардалы айылынын жашоочулары электр энергия менен камсыз болот

7 Аяк оона 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын жашоочулары электр энергия менен камсыз болот. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата, аймактарды толук, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров жана «Ошэлектр» ААКунун башкы директору А.Б. Жусуев Зардалыга барып, жеринен таанышып, айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашкан.

Жыйынтыгында «Ошэлектр» ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10км болгон аба чубалгысы куруу маселеси негизги багыт катары каралды. Ошондой эле Зардалы айлына баардык үйгө 0,4кВ аба чублгысы жана 2 даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары, айылдан 4 км алыс жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын заставасына 1 даана көмөк чордону коюлуп, 0,4 кВ аба чубалгысы тартылып «Ошэлектр» ишканасы тарабынан толук электр энергиясы менен камсыз болмой болду.

Зардалы айылынын жашоочуларына электр жарыгы келгенге чейин күн нурунан кубат алып жарык берүүчү 20 даана батарея тапшырылды.

Белгилей кетсек, соңку бир нече жылдардан бери Зардалыда жарык жеткирүү эң орчунду көйгөй болуп келген.

Количество просмотров: 79