• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зардалыга барчу жолдо кеңейтүү, белгилерди орнотуу жумуштары жүрүүдө

4 Жетинин айы 202415:35 Бишкек Govori.TV

Зардалыга барчу жолдо кеңейтүү, белгилерди орнотуу жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Зардалы айылына баруучу жолдун Сары-Талаа-Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат.

Ошондой эле унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Теги:
Количество просмотров: 136