• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зардалыга баруучу жолдун курулушу качан башталат?

29 Аяк оона 202423:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталат.

Белгилей кетсек, бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Теги:
Количество просмотров: 128