• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Зарема Урдолотова: «Кыйын» өзүбүздү көрсөтүп, башкалар менен байланыш түзчү жер болду

19 Бугу 202519:01 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Зарема Урдолотова, ал Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын депутаты. Учурда тигүү тармагында иш алып барып кыргыздын улуттук брендин жайылтуу менен алек болууда.

Урдолотова «Кыйын» долбоору өзүбүздү көрсөтүп, башкалар менен байланыш түзчү аянтча болгонун белгилеп өттү.

Количество просмотров: 152