11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири Улуттук медиация борборунун Жалал-Абад облустук филлиалынын директору Зарина Кошалиева болду. Ал медиация чыр-чатактарды чечүүнүн бирден бир жолу экенин белигилеп, аны коомчулукка жайылтууда тренингден алган билим жардам берерин айтты.