• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбек бийлиги Ташкентти жашоого ыңгайлуу 50 шаардын катарына киргизүүнү пландоодо

29 Теке 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Ташкент 2030-жылга чейин жашоого өтө ыңгайлуу 50 шаардын катарына кириши керек. Тиешелүү жарлыкка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Бул тууралуу gazeta.uz кабарлады.

Документке ылайык, жети жылдан кийин Өзбекстандын борбору «абасы таза мегаполиске» айланышы керек. Бул үчүн бийлик Ташкентте кошумча 4 100 гектар жашыл аймак түзүүнү тапшырды. Учурда Өзбекстандын баш калаасынын 900 гектарын жашыл аймактар ээлейт.

Мирзиёев ошондой эле 2030-жылга чейин Ташкентти «коммуналдык тейлөөдө көйгөйү жок аймакка» айлантууну тапшырды. Бул үчүн бийлик инженердик-коммуникациялык тармактарды кеңейтүүгө жана модернизациялоого, ошондой эле адамдарга ыңгайлуу жол инфраструктурасын түзүүгө инвестиция салууга ниеттенүүдө.

Өзбекстан президентинин жарлыгына ылайык, жети жылда Ташкентте зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну эки эсеге же 150 миң тоннага чейин кыскартуу, 181 жылуулук объектисин модернизациялоо, 1000 чакырым ички жолдорду оңдоо, 5000 чакырым электр чубалгыларын жаңылоо пландалууда.

Мирзиёев Ташкентти дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу 50 шаардын катарына киргизүү планы тууралуу шайлоо алдында айткан. Economist Intelligence Unit рейтинги боюнча азыр Өзбекстан 157-орунда турат.

Количество просмотров: 94