• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан кооптуу өлкөлөрдүн катарынан чыкты

17 Бештин айы 2018 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV 

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Өзбекстан жаңы баяндамада «өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн» тизмесинен чыгарылды.

Өзбекстан бул тизмеге2006-жылы — өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалы начарлап, диний ынанымы үчүн миңдеген киши түрмөгө камалгандан кийин киргизилген. Өзбекстан Кытай, Эритрея, Иран, Мьянма, Түндүк Корея, Судан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркөнстан менен бир катарда жайгашкан.

Жаңы чыгарылган баяндамада Өзбекстан диний эркиндик принциптерин карманган өлкө катары дагы таанылган эмес. АКШ Өзбекстанды өкмөт үчүн атайын байкоого алына турган өлкөлөрдүн катарына кошту.

Булак: “Марал” радиосу

Количество просмотров: 37