• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда эл аралык маанидеги жол ачылды

18 Теке 201911:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Аскар Мамин жана Абдулла Арипов 17-июлда «Бейнеу – Акжигит – Өзбекстан чекарасы» автожолунун ачылыш аземине катышты.

УзА маалымат агенттигинин кабарлашынча, трассанын узундугу 84 чакырымды түзөт.

«Бул Казакстандын деңиз порттору жана автотрассалары аркылуу өзбек товарларын Орусия жана Кавказ өлкөлөрүнө жеткире турган кыска жол болот», – деди казак өкмөт башчысы Аскар Мамин.

2018-жылы Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард долларды түзгөн, жыл башынан бери бул көрсөткүч 25% көбөйгөн.

Количество просмотров: 12