• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Өзбекстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

22 Бештин айы 2022 16:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Ооганстанга тогуз жүк унаасы менен гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Сурхандарыя облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-декабрда гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалар Ооганстандын Хайратон шаарына жөнөп кетишти. Жардам ооган тарапка Балх провинциясында эки өлкөнүн расмий кызмат адамдарынын катышуусунда өткөрүлүп берилет.

Быйыл сентябрда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Хайратон шаарындагы жана Балх провинциясынын эки районундагы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жүктөлгөн автоунаалар жөнөтүлгөн.

Жайында Өзбекстан жер титирөөдөн жана андан кийинки суу ташкынынан жабыркаган Ооганстанга 74 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

Өзбекстан Ооганстандагы бийликти 2021-жылы 15-августта басып алган талибдердин өкмөтү менен кызматташып жаткан дүйнөдөгү аз өлкөлөрдүн бири.

Бүгүнкү күндө талибдер түзгөн ооган өкмөтүн эл аралык коомчулук тааный элек.

Количество просмотров: 195