Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дүйшөмбүдө расмий сапар менен Парижге келди. Бул тууралуу Өзбекстан мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёев Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат.
Сапардын жүрүшүндө билим берүү, илим, маданий мурастар, жарандык авиация, мамлекеттик кызмат жана коррупция менен күрөшүү тармагында кызматташуу жөнүндө 14 документке кол коюлары пландалууда.
Өзбекстан президенти Лувр жана Араб дүйнөсү институтундагы Өзбекстандын байыркы маданияты көргөзмөлөрүнүн ачылышына катышат.