Кашкадарыя облусунун Шахрисабз районунда 14 жаштагы кызды жети ай бою сексуалдык кулчулукта кармоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрда Балдар акыйкатчысына Китаб районунда жашаган 14 жаштагы кыз кайрылган. Ал 2023-жылдын май айынан ноябрь айына чейин Шахрисабз районунун Хожабог айылында жашаган адамдын үйүндө калууга аргасыз болуп, ар кандай кишилер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланганын билдирген.
Балдар акыйкатчысы кырдаалды тез арада иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү менен Өзбекстандын Башкы прокуратурасына кайрылган.
25-ноябрда кылмышка шектүү аял кармалып, 26-ноябрда райондук соттун чечими менен камалды. Ага карата «Жашы жете элек адамдарды соодалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Жабырлануучунун апасы январь айында Орусияга иштегени кетип, ал атасынын камкордугунда калган.
Өспүрүмдүн физикалык жана психикалык саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам бере турган психологдор менен мугалимдердин жумушчу тобу түзүлдү.
Кылмыш иши Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен Балдар акыйкатчысынын көзөмөлүндө.