• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго онлайн-каттоо 20-июнда башталат

17 Кулжа 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу үчүн абитуриенттерди онлайн-каттоо жыл сайын 20-июндан 20-июлга чейин жүрөт. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Токтомго ылайык, абитуриенттерди каттоо Интерактивдик мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы жана Өзбекстандын Мамлекеттик тестирлөө борборунун сайты аркылуу жүргүзүлөт.

2022-2023-окуу жылына белгиленген квотага ылайык, Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга 110 707 абитуриент бакалаврга, 10 688 студент магистратурага кабыл алынат.

Количество просмотров: 65