Сырдарыя облусунда Түркия жана Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган эки адам кармалды. Алар көрсөткөн кызматы үчүн 8100 доллар жана 1 миллион 200 миң сум талап кылышкан.
Сырдарыя облусунун Жаңыжер шаарында жергиликтүү тургундан Түркия жана Мексика аркылуу АКШга барууну уюштуруу үчүн акча талап кылган эки адам кармалганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы билдирди. Операция Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Аталган факты боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ноябрдын соңунда Кошмо Штаттардын Ташкенттеги элчилиги Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган өзбекстандыктар кармаларын, иммиграциялык иштери чечилгенге чейин камакта болушарын билдирген.
Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда 13 624 өзбекстандык АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.