• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өзбекстанда баласын 17000 долларга саткан аял беш жылга соттолду

7 Бештин айы 202018:25 Бишкек Govori.TV

Баласын 17 000 долларга саткан сырдарыялык аял беш жылга эркинен ажыратылды.

Ал 21-июлда бир жашар баласын 17 000 долларга сатып жатканда кармалган. Ыкчам кызматкер алармандын ролунда болгон.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, сотто аял күнөөсүн мойнуна алды. Ал Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, беш жылга кесилди.

Өзбекстан Сенатынын Адам соодалоого жана мажбурлап иштетүүгө каршы күрөшүү комитетинин 4-декабрда өткөн жыйынында спикер Танзила Нарбаева акыркы үч жылда 114 наристе сатылганын билдирди. Алардын 89% — 1 жашка чейинки бөбөктөр. Нарбаеванын айтымында, балдарын саткан аялдардын 31% социалдык оор абалда болгон, 17% төрөт фактысын жашырууну көздөсө, 52% каржылай пайда үчүн ушундай кадамга барышкан.

Количество просмотров: 57