• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Өзбекстанда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү иске ууланып каза болду

29 Үчтүн айы 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилан шаарында алты адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январда Ватан маалесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 57 жана 54 жаштагы жубайлар, 30 жаштагы кызы жана 7,5,3 жаштагы неберелери кайтыш болгон.

Текшерүү көрсөткөндөй, мештин мору туура эмес орнотулуп, натыйжада үйгө уулуу газ толуп калган. Алдын ала соттук-медициналык экспертизанын корутундусу өлүмдүн себебин иске катуу уулануу деп ырастоодо. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 320