• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өзбекстанда эки жуманын ичинде 30дан ашык киши иске ууланып каза болду

15 Бештин айы 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда ноябрдын аягында башталган энергетикалык каатчылык 30дан ашык кишинин өлүмүнө себепкер болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, каза болгондордун 15и үч айдан 15 жашка чейинки курактагылар. Алардын көбү буга чейинки жылдардагыдай эле иске ууланышкан.

11-декабрда Кашкадарыяда 13 жаштагы бала иске ууланып каза болуп, анын тогуз жана 11 жаштагы карындаштары ооруканага жаткырылган.

10-декабрда Кашкадарыя облусунун Карши районундагы Дашт маалесинде бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү – 77 жаштагы аял, 31 жаштагы келини жана сегиз жаштагы небереси иске ууланып өлгөн.

8-декабрда Хоерзм облусунун Янгибазар районунда бир үй бүлөнүн эки мүчөсү иске ууланып каза болгону кабарланган.

Самарканд облусунун Каттакурган районунда иске ууланган киши менен анын эрезеге жете элек баласы өлгөн. 4-декабрда ушундай эле себеп менен Ташкент облусунун Чиноз районунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болгон.

5-декабрда Бухарада иске ууланып бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү, анын ичинде үч бала каза тапкан.

Бул учурлар жергиликтүү басылмаларга чыкканы гана. Иске ууланып өлгөндөр боюнча расмий статистка азырынча жарыялана элек.

Количество просмотров: 69