• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Өзбекстанда камактагы 334 кишиге мунапыс берилди

7 Бештин айы 2023 17:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө Конституциясынын кабыл алынганынын 31 жылдыгына карата камактагы адамдарга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, камактагы 334 адамга мунапыс берилди. Алар өз кылгандарына өкүнүчүн билдирип, оңолуу жолуна түшүшкөн.

Ырайым алгандардын 34ү негизги жазасын өтөөдөн толугу менен бошотулду. 249 киши жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулса, алты адамдын жазасы жеңилдетилди. Мындан тышкары дагы 45 кишинин камактагы мөөнөттөрү кыскартылды.

Мунапыска илингендердин арасында башка өлкөлөрдүн 18 жараны, 23 аял жана тыюу салынган уюмдарга байланышы бар 60 жаштан ашкан 15 эркек бар.

Жарлыкты аткаруунун алкагында жооптуу министрликтер менен мекемелерге ырайым кылынган жарандарды жакындарына кайтарып берүү, алардын жумушка тартылышына, сергек жашоо образын тандап, коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Количество просмотров: 67