• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстанда кредитин төлөй албагандарга каршы рейддер өтүүдө

7 Аяк оона 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда президент Мирзиёев өзү кеңири жарнамалаган үй-бүлөлүк ишкерликти колдоо программасы ишке ашпай калды.

Президенттин жарлыгы менен 2018-жылдан тарта Өзбекстандын «Агробанкы» калктын аз камсыз катмарына жылдык 14% үстөк менен жеңилдетилген насыяларды берип баштаган. Кийин ал 7%га төмөндөтүлгөн. Программанын алкагында бизнес ачууну каалаган ар бир үй-бүлө эки жарым миң долларга чейин күрөөсүз насыя алышкан. Бул Өзбекстандын көптөгөн айыл аймактары үчүн өтө чоң сумма.

Көптөгөн насыялар кайра кайтарылган жок: ири насыя алгандар бизнеси оңунан чыкпай, акчасын банктарга төлөй албай калышты. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында карызы барларга рейддер жүрүп жатат: социалдык тармактардын өзбек сегментинде атка минерлер менен милиция кызматкерлери жарандардын акыркы малын же эски унаасын кантип күч менен тартып алганы тууралуу видеолор көбөйүүдө.

Видеолордун бири Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Нишан районунда тартылган. Анда аткаминерлер милиция кызматкерлеринин коштоосунда жергиликтүү банктарга карызы барлардын мүлкүн, анын ичинде койлорун тартып алып жатканын көрүүгө болот.

“Кааласаң мени түрмөгө кама!” – деп кыйкырган карызы бар жарандын бири.

Карыз болгон тургундардын айтымында, бийлик өкүлдөрү алардын үйлөрүнө көбүнчө мыйзам бузуу менен, тактап айтканда соттун санкциясы жок кирип келишүүдө.

Количество просмотров: 79