• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда район башчысынын орун басары 43 миң доллар пара менен кармалды

26 Тогуздун айы 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Үргөнч районунун башчысынын айыл жана суу чарба маселелери боюнча орун басары Р.А. үйүндө 43 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алгач «Чорванасл» облустук борборунун адиси Т.М. кармалган. Ал жергиликтүү тургун иштетип жүргөн 50 гектар айдоо жерди акимчиликтин резервине алып, жаңы дыйканчылык чарба ачуу жолу менен жерди өткөрүп берүү үчүн ишкерлердин биринен 80 миң доллар сураган. Борбордун кызматкери 60 миң доллар алып жатканда кармалган.

Сурак маалында Т.М. пара катары алган акчанын бир бөлүгүн Үргөнч районунун башчысынын орун басарына бериши керектигин айткан. Бул операция уланып, жыйынтыгында аткаминер үйүндө Т.Мден 43 миң доллар алып жатканда кармалган.

Прокуратура бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Быйыл 18-июлда Сырдарыя облусундагы Акалтин районунун башчысынын орун басары 500 доллар пара алып жатканда кармалганы кабарланган.

Февралда Миришкор районунун башчысынын орун басары жер бөлүп берүү үчүн ишкерден 80 миң доллар талап кылып, анын 50 миңин алып жатканда кармалган.

Ошол эле айда Чиназ районунун башчысынын экономикалык маселелер боюнча биринчи орун басары 35 гектар жерди сатып, документтерин райондук акимчилик аркылуу тууралоо үчүн сураган 90 миң доллардын 40 миңин алып жатканда кармалган.

Количество просмотров: 108