• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өзбекстандагы дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны Түркстан облусун да каптады

2 Бугу 202019:07 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны Казакстандын Түркстан облусун да каптады. Аймактагы Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлдү.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сардоба суу сактагычынан аккан суу 1-май күнү саат 20:15 ченде токтотулганын маалымдаган.

Ал эми Казакстандын Мактарал районуна өзгөчө кырдаал 2-майга караган түнү, саат 00:00 чамасында киргизилген. «Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, ошол учурдан тартып аймактагы Женис айылынын жашоочуларын эвакуациялоо иши башталган.

Суу ташкыны аймактагы Жана Турмыс жана Нурлы Жол айылдарына да капташы мүмкүн экени, элди эвакуациялоо үчүн Мактарал районунун борборундагы Мырзакент шаарчасынан үч мектеп даярдалганы кабарланды.

Количество просмотров: 280