Бишкек. 13.12.2017.Govori.TV.
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Сооронбай Жээнбеков менен Ташкенттеги жолугушууда Өзбекстандан Ысык-Көлгө темир жол каттамын ачуу боюнча макулдашуу бар экенин билдирди.
«Кыргызстанда уникалдуу Ысык-Көл көлү бар. Биздин эл авиакаттам ачуубузду каалады эле, бирок биз темир жол каттамын ачууну да макулдаштык. Эгер кошунабызда кудай берген жер турганда эмнеге эл алыска барышы керек? Транспорттук-логистикалык маселеде биз кыйла алдыга жылдык»,- деп билдирди Ш. Мирзиёев.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда эки күндүк расмий иш сапары бүгүн, 13-декабрда башталды.
Булак: Азаттык