Өзбекстандын курама командасы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдешке катышуу максатында Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, бөрү боюнча Өзбекстандын курама командасы 24-августта учуп келди. Алар 26-31-август күндөрү Чолпон-Ата ат майданында өтө турган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, мелдеш өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.