• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстандын 9 аймагында сел жүрүү коркунучу бар экени эскертилди

14 Бирдин айы 2023 11:26 Бишкек Govori.TV

«Узгидромет» күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу 14-18-февраль күндөрдүн аралыгында өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, суу ташкындары Кашкадарыя, Сурхандарыя, Самарканд, Навои, Жизак, Наманган, Фергана жана Ташкент облустарында жүрүшү ыктымал.

«Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда жашаган жарандарга, эс алуучуларга, ошондой эле тоолуу аймактарга бара жаткан айдоочуларга сак болуу сунушталат», – деп жазылган «Узгидрометтин» билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 43