• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатына жолдомо алды

6 Кулжа 20259:09 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Дүйнө чемпионатына жолдомо алган биринчи улуттук курама болду.

5-июнда Өзбекстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен маанилүү оюн өткөрүп, 0:0 эсебинде тең чыкты. Бул жыйынтык менен өзбек курамасы дүйнө мелдешине жолдомону камсыз кылууга жетиштүү болду.

Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Өзбекстан өз тайпасында экинчи орунда турат. Биринчи тепкичте — Иран курама командасы. Сегиз беттеште тең жеңген Иран 25-мартта дүйнө чемпионатына жолдомону камсыздай алды.

Количество просмотров: 175