• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстандын мушкерлери жүрөгү кармап калган машыктыруучусун кубантты

12 Баш оона 202420:13 Бишкек Govori.TV

Олимпиадада Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тулкин Киличевдин жүрөгү мушкер Хасанбой Дусматов алтын медаль алганда сүйүнүчтөн токтоп кала жаздаган. Улуу Британиянын курама командасынын медициналык кызматкерлери алгачкы жардамын көрсөтүшүп, аман алып калышып, машыктыруучуну ооруканага жаткырышкан.

Социалдык тармакка тараган бул видеодон Тулкин Киличевдин шакирттери ооруканга келип, алган медалдарын машыктыруучусунун мойнуна тагып, кубанычка бөлөп жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 318