• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Өзбекстандын тогуз облусунда сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди

17 Бугу 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

16-22-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаандан улам Өзбекстандын бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Узгидромет» мекемеси кабарлады.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Кашкадарыя, Сурхандарыя, Самарканд, Навои, Жизак, Наманган, Фергана, Анжиян жана Ташкент облустарынын бир катар райондору менен шаарларында сел жүрүү коркунучу жогору болот.

«Узгидромет» тоолуу жана тоо этектеринде жашаган тургундарды, ошондой эле тоолуу аймактарга бара турган айдоочуларды ыктымал суу ташкындарына каршы сактык чараларын көрүүгө чакырды.

Апрель айында Өзбекстандын түштүк аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, айыл-кыштактарды суу каптаган.

Буга чейин Кыргызстанда, Ооганстанда, Казакстанда жана Тажикстанда селден улам адамдар каза болгону кабарланган.

Количество просмотров: 104