• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өзбекстанга 22 баш бодо малды айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

6 Бугу 2023 9:42 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 22 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы жаран 5-май күнү Сары-Булак жергесинде 22 баш буканы сатуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылып, кармалган. Алдын ала эсеп боюнча, 22 баш бодо малдын баасы 1,5 млн сомду түзөт.

Кармалган жаран менен бодо мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 129