• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын дагы 90 миң дозасы жеткирилди

16 Теке 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

15-июлга караган түнү Ташкентке Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын биринчи компонентинин 70 000 дозасы, экинчи компонентинин 20 000 дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Орусиядан Өзбекстанга вакциналардын алгачкы партиясы (100 000 доза) быйыл апрелде жеткирилген. Андан соң июнда 140 миң, 5-июлда дагы 40 миң доза келген.

Муну менен Өзбекстанда «Спутник V» вакцинасынын жалпы запасы 370 миң дозага жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө вакцинанын жалпы запасы 7 миллион 530 миң дозаны түзөт. Алардын ичинен 660 миң доза британиялык AstraZeneca жана 6,5 миллион доза өзбек-кытай өндүрүшүндөгү ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы.

Количество просмотров: 76