• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өздүк булак: “Акылбек Осмоналиев Ысыккөлгө жетекчи болбойт…”

1 Баш оона 20189:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV

“Президент менен Өкмөттүн бириктирилген иш башкармалыгынын жетекчи орун басары Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысыккөл облусу боюнча өкүлү болбойт…” Бул тууралуу өкмөттөгү өздүк булактарыбыз билдирди. Андагы маалымат боюнча, учурда башка талапкерлер өкмөттүк аппаратта каралып жатат.

“Акылбек Осмоналиевдин талапкерлиги башка талапкерлер сыяктуу эле баштапкы тизмеде болушу мүмкүн. Бирок, кийинчерээк ал өз ордунда эле иштей турганы чечилгенин укканбыз. Балким, ошол алгачкы маалыматтардан улам кызыкдар тараптар анын аты-жөнүн ММКларга берип жибериши ыктымал”,-деп билдиришет биздин булактар.

Эске сала кетсек, кечээ айрым ММКлар анын Ысыккөл облусунун башчылыгына, Ош облусундагы өкмөттүн өклү болуп кеткен Узарбек Жылкыбаевдин ордуна бара жатканын, ал тургай бүгүн облустун администрациясына тааныштырылаарын жазып жиберишкен эле.

 

Количество просмотров: 14