• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Зеленский: 137 аскер курман болду

25 Бирдин айы 2022 9:26 Бишкек Govori.TV

Орусиянын чабуулдарынан 137 украиналык аскер курман болду. Бул тууралуу 25-февралга караган түнү Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

«316 аскер жарадар болду. Змеиный аралындагы баардык чек арачыларыбыз курман болду. Баарына Украинанын баатыры наамы ыйгарылат»,-деди Зеленский.

Ошондой эле Зеленский аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол койду. Ал эми чек ара кызматы 18тен 60 жашка чейинки эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.

Орусиянын чабуулдарынан каза болгон жай тургундар тууралуу да маалыматтар чыккан. Алардын так саны жарыялана элек.

Орус тарап жоготуулар тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 649