• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзгөчө абал: Бүгүндөн тарта Бишкекте кайгуул жүргүзүү күчөтүлөт

30 Жалган куран 2020 11:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүндөн тарта Бишкекте кайгуул жүргүзүү күчөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Орозалиев, жарандарды үйдө болууга, сыртка үч себеп менен гана – дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн чыгууга

«Кайгуул кызматкерлери санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата чара көрүшөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Количество просмотров: 3610