Белгилей кетсек 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек шаарында аны менен бирге Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Буга байланыштуу шаарда каттоосу жоктор Бишкек шаарына жүйөөлү себеби жок киргизилбей турганы айтылган. Мындан улам көпчүлүк жарандарда жумушум шаарда болуп, өзүм Чүй облусунда турсам кандай болот деген суроо жаралган.
«Бишкектин сыртында жашагандар шаарда иштесе жумушунан маалымат алышы керек. Жумуш бергендер аларга маалымкат бериши зарыл. Ал маалыматтардын негизинде эртеңден тарта уруксат кагаздарын бере баштайбыз. Эгер андай маалымкаты болбосо шаарга киргизилбейт», — деди ал.
Бишкекте жашап каттоосу башка жакта болгондор жашаган жери боюнча маалымкат алышы зарыл.