• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзгөчө кырдаал режими экинчи күн. Бишкек (видео)

23 Жалган куран 2020 20:21 Бишкек Govori.TV

22-марттан тарта өлкөдө коронавирустун жыйылып кетишине жол бербөө максатында өзгөчө кырдаал кирген.

Бүгүн 23-мартта, Govori.TV агенттиги Бишкек шаарындагы абал кандай болуп жатканы тууралуу видео тартты.

Салыштырмалуу көчөдө адамдар, жолдогу унаалар аз. Бирин-экин эл ташып жүргөн троллейбус менен автобустар жүрүүдө.

Ал эми өкмөт зарыл болбосо көчөгө чыкпоого сунуштап, азык-түлүк каражаттарын саткан дүкөн жана дарыкалардан башка жайлардын ишин токтоткон.

Эске салсак, COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 16.

Кыргызстанда Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус жуктурган дагы эки адамдар: 1960-жылкы аял жана эркек. Алар кичи хадждан келгендер.

Жалпы: 7 эркек, 9 аял. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталган.

Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.


• Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо республика аймагына өзгөчө кырдаал режими киргендигине байланыштуу жылдырылды
• Улуттук банк коммерциялык банктардын жана банктык эмес каржы-насыялык уюмдардын ишмердүүлүгө карата убактылуу талаптар киргизди:
— насыя келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү кошууга жана алууга тыюу салынат;
— насыялык келишимдерде каралган милдеттерди аткарбоого/тийиштүү эмес аткарууга карыз алуучуга айыптык санкцияларды, анын ичинде үстөк айыптарды (айып пул/пеня) салууга жана алууга тыюу салынат;
— берилген насыялардын төлөмдөрү боюнча, кеминде үч айга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталат.
Ипотекалык насыялар боюнча маселе алдыда дагы каралат.
• Салык төлөмдөрүн жылдыруу боюнча:
1. Салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат;
2. салык текшерүүлөрүн жүргүзүү токтотулду;
3. электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.
• Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет
http://virus.el.kg/. аталышындагы кыргыз тилдүү сайт иштеп баштады. Анда дүйнө жүзү жана Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.
• Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттен бөлүнгөн каражаттар:
— Саламаттык сактоо министрлигине – 30 млн сом;
— Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ӨКМдин атайын эсеби – 225 млн сом;
— азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого (ММРФ) (азык-түлүк буудайын сатып алууга) – 631 млн сом;
— Ун тартуучу ишканаларды жеӊилдиктер менен насыялоого бюджеттен каражаттар бөлүндү – 400 млн сом (ошондой эле “Айыл банк” жана РСК банк 400 млн сом бөлдү). Бардыгы 800 млн сом.
Зарылчылык болгондо, Өкмөт дагы кошумча каражаттарды бөлөт.
• Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Алар:
— Буудай жана меслин
— Буудай уну
— Өсүмдүк майы
— Күрүч
— Макарондун түрлөрү
— Шекер
— Тоок жумурткасы
— Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
— Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
— Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
— Дезинфекциялоочу каражаттар
• Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (беткап, көз айнек жана костюм) тапшырылды.
• Бүгүнтөн тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр кирзилүүдө.

Количество просмотров: 210