Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, калкка ыңгайлуулук түзүү үчүн мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.
«Кыргыз почтасы при» мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору (КТБлар) график боюнча иштейт:
Дүйшөмбү-жума – саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Кичи-калкты тейлөө борборлору — шейшемби-жекшемби күндөрү
— саат 10:00дөн 19:00гө чейин.
“Уна” мамлекеттик ишканасы (авто-КТБ) дүйшөмбү-жума күндүрү
— саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы улуу курактагы кызматкерлерге өргүү күндөрүн берүүнү пландап жатышат.
Ар бир мекемелерде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Эскерте кетсек, 22-марттан тартып республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.