• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өзгөн прокуратурасы 3 млн. 250 миң сомдук жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды

30 Жетинин айы 202013:28 Бишкек Govori.TV

Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдагы мыйзамсыз чечими менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон 1,5 га жер аянты Х.М. аттуу жарандын менчиги деп табылган. Бул тууралуу Башкы прокуратунан басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, аталган жер аянтынын нарктык базар баасы 3 млн. 250 миң сомду түзөөрү райондук прокуратуранын текшерүүсүндө аныкталган.

Ошондой эле, Өзгөн райондук прокуратурасы мыйзамсыз кабыл алынган соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча жогорку соттук инстанцияга сунуш келтирип, ал эми мыйзамсыз чечимдин негизинде түзүлгөн келишим жана кабыл аланган мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу боюнча доо арыздары менен жергиликтүү сотторго кайрылган.

«Соттук кароолордун жыйынтыгы менен келтирилген сунуш жана доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында прокурордук сунуштун негизинде 1,5 га жер аянты кайрадан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 115