• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзгөндөгү жер көчкү: Чатырда жашап жаткан тургундардын абалы (видео)

29 Жалган куран 2023 9:33 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районун К. Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги коопсуз аймакка көчүрүлгөн эл менен Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Шаматов Нуридин жолугушту. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган.

Видео: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Количество просмотров: 104