• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси менен эл чогулду. Жапаров катышып жаткан жыйынга журналисттер киргизилген жок

4 Тогуздун айы 2022 10:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигине «Кемпир-Абад» суу сактагычынын маселесине байланыштуу жергиликтүү эл чогула баштады. Бул тууралуу Kloop басылмасынын түз эфиринде маалым болду.

Жыйынга катышуу үчүн президент Садыр Жапаров келгени маалым болду. Белгиленгендей жыйынга журналисттер кирбей калган. Маалыматтарга ылайык, жыйынга Садыр Жапаров менен чоогу башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барган.

Буга чейин 29-сентябрда Өзгөндө «Кемпир-Абад» маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулган. Алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылышкан.

Количество просмотров: 758