Ош облусунун Өзгөн районунда мектепте жылытуу казаны жарылып, бир адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Мырза-Аке айылында №20 А.Калмурзаев атындагы орто мектебинин жылытуучу от казаны жарылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерден жылытуу казаны жарылганы белгилүү болгон.
Кырсыктан улам 1985-жылы туулган мектептин күзөтчүсү К.Б.нын колун темир басып калган. Жабырлануучунун колу сынып ооруканага жаткырылган, анын абалы туруктуу.