• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзгөндүн тургуну күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна айылындагы 4,5 чакырым жолду оңдоп берди

22 Бугу 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургуну, баатыр эне Айша Матаева күйөөсүнө жылдык өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылында 4,5 чакырым жолду оңдоп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, башка жарандарга да үлгү болуучу демилгени көтөргөн Айша Матаевага жана аны колдоп соопчулук ишти баштаган маркумдун балдарына айыл тургундары ыраазычылыгын билдирүүдө.

«Эскерте кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЭлТР каналындагы онлайн брифинг учурунда тургундарга «ыксыз чыгымдардан качып, аны ден соолугуңузду бекемдөөгө, балдарыңыздын келечегине сарптаңыздар» деп кайрылып, карантиндик талаптарды бузбоого чакырган», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Булак: кабар.

Количество просмотров: 150