Ош облусунун Өзгөн районунда 13 жаштагы мектеп окуучусу мал сарайга кирип асынып алып, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-сентябрь күнү саат 10:10 чамасында Мырза-Аке айылында болгон. Асынып каза болгон Т.А. айылдагы мектептердин биринин окуучусу.
«Каза болгон өспүрүмдүн ата-энеси медициналык экспертизадан баш тартышты. Ал окуя болгон күнү жакшы эле жүргөнүн, атасы экөө быйылкы окуу жылында жакшы окуш керектигин сүйлөшүшкөн. Учурда бул окуя боюнча Өзгөн РИИБ териштирүү иштерин баштады», — деди маалымат катчы.