Бишкек.31.10.2018.Govori.TV
Ош облусунун Өзгөн районунда Россияга жүзүм алып бара жаткан жүк ташуучу чоң унаа оодарылып кетти. Окуя бүгүн, 31-октябрда саат 16:30 чамасында болду.
Бул маалыматты «Турмуш» сайты таратты. Күйүүчү май куюучу жайдын жанынан оодарылган «Камаз» унаасында 10 тоннадан ашык жүзүм болгон. Күбөлөр катуу ылдамдыктагы унаа бурулуштан бурулганда оодарылганын көрүшкөн.
Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.