• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жүгөрү талаасына жашынганы айтылган автоматчан кылмышкер 4 күндөн бери кармала элек

24 Аяк оона 2018 9:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Кара-Сууда жүгөрү талаасына жашынганы айтылган автоматчан кылмышкер 4 күндөн бери кармала элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кылмышкерди издөө жана кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Анын изделип жатканына төрт күн болгону белгилүу.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга «издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк» деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп качып кеткен. Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.
Количество просмотров: 45